Руслан Казакбаев Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды

Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти.

Кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн, кеңейтүүнүн жана чыңдоонун жолдору, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу форматтагы мамилелер кеңири талкууланды, — деп айтылат маалыматта.