Садыр Жапаров Париждеги Олимпиаданын ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун Париж саммитине катышуусу пландалган. Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы Кыргызстан балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарга берилгендигин ырастайт.

 

26-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат. Жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат. Олимпиадалык оюндар 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт.