Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197;
- мас абалында рулга отуруу — 197;
- автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 972;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 889;
- автоээнбаштык — 17;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 971;
- жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 906.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 349 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.