Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.

Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

 

Мындан тышкары, мамлекет башчы Өзбекстанстандагы Кыргызстандын  маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи өтөт.

 

Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт.