Бишкектин айрым аймактарында бир күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына ылайык, 10-апрелден 11-апрелге чейин шаардын райондорундагы газ түтүктөрүндө пландык оңдоо иштерин аткаруу пландалууда.
Буга байланыштуу бул күндөрү Фрунзе, Коенкозов көчөлөрүн, Манас, Чүй проспектилерин бириктирген бөлүктө көгүлтүр от жок болот.