Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кеткенин маалымат кызматы билдирди.
Визит эки күнгө созулат. Анын алкагында Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.
Буга чейин эки президенттин Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш салтанатына катышары айтылган.
Коштоп кеткен делегациянын курамы:

Бакыт Төрөбаев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Муса Жаманбаев — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси;

Догдуркүл Кендирбаева — билим берүү жана илим министри;

Максат Асаналиев — башкы прокурор;

Азис Сапаралиев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу;

Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;

Абсаттар Сыргабаев — транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Жылдыз Полотова — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Таалайбек Ибраев — энергетика министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Нурдан Орунтаев — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Талантбек Иманов — Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору;

Кудайберген Базарбаев — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Алмазбек Примов — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Абдикарим Алимбаев — президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Тилек Текебаев — президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алтынбек Эргешов — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Элчибек Жантаев — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Уланбек Далиев — президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Айбек Жунушалиев — Бишкек мэри;

Самат Исабеков — Бажы кызматынын төрагасы;

Уларбек Шаршеев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору.