Дүйнөлүк банк Ош шаарына 6 миллион доллар грант бөлүп берди. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, кайтарымсыз негизде тапшырылган каражат 5 ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга багытталат.
Алар: Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө, Ибраимов атындагы драмтеатрды жана Сатылганов атындагы театрды калыбына келтирүү, Навои эс алуу багында атайын аймакты куруу, ошондой эле Ош борбордук стадионунда фонтан куруу.