Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-август күндөрү Казакстанга болгон иш сапары аяктады.

 

Сапардын биринчи күнүндө, 8-августта, мамлекет башчысы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери көрүүчүлөргө аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.

 

9-августта Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого зарыл болгон кошумча дем берип жатканын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкө башчылары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп жактуу документтерге кол коюшту.