Бишкектин Чүй проспектиси кеңейтилүүдө

Бишкектин Чүй проспектиси кеңейтилүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт.

 

Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду. Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүүдө.

Белгилеп кетсек, Чүй проспектисинде унаа жолун кеңейтүү боюнча иштер 2022-жылга карата титулдук тизмеде каралган.