Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражат бөлүндү

Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражат бөлүндү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 миллион сом берилет.

 

Ошондой эле, Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына лифт жана медициналык жабдууларды сатып алууга 70 млн сом, мындан тышкары Улуттук хирургия борборунун операциялык, реанимация бөлүмүн оңдоого жана керектүү аппараттарды сатып алууга 33 миллион сом сарпталат.

 

Акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.