Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү басаңдады

Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү басаңдады.

Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку эки күндө Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 700дөй адам кайрылды.

Бул өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо бир аз басаңдаганын билдирет.

Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандардын 68 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган.

Мындан улам 15-декабрдан тарта өлкөдөгү бардык мектептер жана 168 бала бакча 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн.