Саламаттыкты сактоо министрлигине вакцинаны ташууга унаалар тапшырылды

 

Саламаттыкты сактоо министрлигине вакцинаны ташууга унаалар тапшырылды. Техниканы вакцинация жана иммунизация боюнча глобалдык альянс берди. Ведомство жалпысынан 16 транспорт алды, дагы 10 даанасы жыл аягына чейин жеткирилет.

 

Унаалар ири өлчөмдөгү муздаткыч камераларын ташууга ылайыкталган. Препараттарды күн нурунан коргоп, аларды аймактарга коопсуз жеткирүүнү камсыздайт деп күтүлүүдө.