Сауд Аравия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү.
Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы билдиргендей, бул тууралуу муфтий Замир Ракиев менен араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулеймандын жолугушуусунда белгилүү болду.
Белгилеп кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 300дөн ашык жаран кезекте турат.