Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 21-22-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында уюштурулат.

Мелдеш Күрөш дүйнөсү уюму бекиткен эрежелердин негизинде өткөрүлөт.

Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында күрөштү өнүктүрүү максатын көздөйт.