Сингапурдун премьер-министри дүйнөдө эң чоң айлык алган саясатчы

Сингапурдун премьер-министри дүйнөдө эң чоң айлык алган саясатчы. Лоуренс Вонгдун бир жылдык маянасы 1 миллион 700 миң долларга барабар. Андан кийинки орунда Швейцариянын президенти Виола Амхерд турат — 569 миң доллар.

 

Үчилтикти Австралия премьери Энтони Альбанезе 412 миң доллар айлыгы менен бекитет. АКШ президенти Джо Байдендин маянасы 400 миң доллар. Ал төртүнчү орунда. Ал эми Россиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин бир жылдык айлыгы болгону 111 миң долларды түзүп, ал алдыңкы топко кирбей калды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.