Сириядан дагы 22 кыргыз жараны кайтарылды

Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл-6» гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлериндеги 8 аял жана 14 жашы жете элек бала алып келинген.
«Гуманитардык миссия Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды. Ага АКШ өкмөтү колдоо көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылы ушул сыяктуу төрт жана быйыл бир миссия аткарылган. Анын төртөөндө 373 аял жана балдар мекенине кайтарылган. Үчүнчү миссиядагы репатрианттардын саны айтылган эмес.
2021-жылдын март айында Кыргызстанга Ирактан 79 бала кайтарылган.