“Славян базары” фестивалында Кыргызстандын намысын 9 жаштагы Насыйкат коргойт

Витебскиде (Беларусь) өтө турган “Славян базары” фестивалында Кыргызстандын намысын 9 жаштагы Насыйкат Баймырзаева коргойт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган сынакка таланттар Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында тандалды.

Калыстар тобу бир добуштан Насыйкат Баймырзаеваны жеңүүчү деп тапкан.

Анын алкагында жаш талант быйылкы Витебск шаарындагы «Славян базары» фестивалында Кыргызстандын атынан чыгууга укук алды.