“Бишкек” эркин экономикалык аймагында дары чыгарган завод ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-мартта “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда күн энергиясы жаатында инновациялык долбоорлор менен иштеген “New-Tek LLC” кыргыз-герман компаниясында болду.

Ошондой эле, Жапаров фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты.

 

“Завод ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле заара чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн дарынын 10 түрүн чыгарууга даяр”,- деп жазылган маалыматта.

 

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга дары-дармек 30дан ашык мамлекеттен импорттолот.

 

2021-жылы негизги импорттоочу Орусия болчу, анын үлүшү 15% түзгөн. Андан кийин Индия, Германия, Түркия, Словения, Польша, Украина, Франция жана Беларус турат. 2022-жылы Кыргызстандын дары-дармек импортунда Түркиянын өндүрүшү алдыңкы орунга чыгып, Орусия экинчи орунга түштү.

 

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар жер бөлүнгөн. Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иштейт.