“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, эки жылдын ичинде аталган райондо 109 бизнес долбоор, алардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында, өндүрүштүк сектордо, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана соода тармагында ишке ашты.

 

Белгилеп кетсек, “Социалдык келишим” долборунун алкагында жардам алгандардын 95 пайызы айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.