Сузак районунун Акбаров атындагы №16 мектептин кошумча корпусу курулууда

Сузак районунун Акбаров атындагы №16 мектептин кошумча корпусу курулууда.

 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Мектеп эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган.

 

Бүгүнкү күнгө карата эки кабаттын дубалы тургузулду, учурда курулуш-монтаждоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.