Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт

Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүдө жаңы мугалимдерди алуу зарылчылыгы болбойт. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, нөлүнчү класстарды даярдаган кадрлар жетиштүү.

 

Анын ордуна окутуу стандарттары өзгөртүлөт, алсак, көбүрөөк каражат китептерди сатып алууга жана класстарды адистештирүүгө багытталат.

 

Министр кошумчалагандай, буга чейин өлкөдө 3-4 миң мугалим жетишсиз болсо, айлыктар жогорулатылгандан кийин бул көрсөткүч азайды. Учурда орус тилинен сабак берген 650 педагог талап кылынат.