“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтар пайда болду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эми колдонуучулар тиркеме аркылуу баланын каттоосу жөнүндө маалымкатты жана балдарына катталган кыймылсыз мүлктүн бар-жоктугун тастыктаган маалымкатты ала алышат.
Буга чейин бул документтерди алуу үчүн калкты тейлөө борборуна баруу талап кылынган.
Балдар жөнүндө маалымат туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилген учурда гана берилет, — дешти ведомстводон.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.