Бишкекте 100дөн ашуун аялдама жууп-тазаланат

 Бишкекте 100дөн ашуун аялдама жууп-тазаланат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жакынкы күндөрү “Тазалыктын” кызматкерлери шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан 113 аялдама жана отургучту жогорку басымдагы аппараттар менен нымдуу тазалоо иштерин баштайт.

Жайкысын аптаптуу ысыктан улам чаң көп топтолуп, аялдамаларды нымдуу тазалоо борбордук көчөлөрдү бир аз сергиткенге жардам берет.

Техникалык тейлөө бүт аялдаманы тазалоо, урналарды үзгүлтүксүз тазалоо жана жарнама кагаздарын алып салууну камтыйт.