Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу уланууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун негизги иштерин ушул жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

 

Учурда Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн тоннелди куруу иштери жүрүп жатат. Бул тоннел көп функционалдуу тейлөөнү камтыйт. Азыр бетон төшөө иштери жүрүүдө.

 

Өкмөттөн белгилешкендей, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.