Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун күзүндө бүтүрүү пландалууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун ушул жылдын күзүндө бүтүрүү пландалууда. Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы Novosti.kgге билдиргендей, каттам болжол менен октябрь айында ишке кирет.

 

Долбоордун жалпы баасы 870 миллион долларды түзгөн.

 

Узундугу 433 чакырым жол Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад каттамы боюнча өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет. Белгиленгендей, 200 чакырымга жакын трасса буга чейин жол болбогон жерге салынган.