Түркияда дайыны жок болуп жаткандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда дайыны жок болуп жаткандардын арасында кыргызстандыктар жок. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, соңку 6 күндун ичинде 70тен ашык кыргыз жараны Анкара, Анталья жана Аланья шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

 

Бул жаатта иштер дагы уланууда. Кырсык болгон аймактардагы кыргызстандыктарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардам көрсөтүлүп жатат.