Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2024-жылдын 8-9-январында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

 

Ведомстводон билдиришкендей, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.