Бүгүн Талас облусунда бир катар стратегиялык жана ири объектилер ачылды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, шаарда жаңыланган аэропорттун ачылышы болду, ошондой эле Киров суу сактагычындагы “Бала-Саруу” чакан ГЭСи ишке кирди. Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Иш-чараларга президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.