Талас облусунда жаңы бала бакча пайда болот

Талас облусунда жаңы бала бакча пайда болот.

 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объект 140 орунга чакталып, Айтматов районунун Көк-Сай айылында жайгашат.

 

Курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктады. Учурда ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү боюнча жумуштар жүрүүдө. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин курууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.