Таласта мөндүр 50 гектарга жакын эгинди жараксыз кылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-июнда Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жааган. Анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында айыл чарба талаалары зыян тарткан. Ошондой эле Боо-Терек айылында катуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кетти.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.