Минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөө 2024-жылы 286,7 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— азоттук жер семирткичтер – 163,5 миң тонна,
— фосфордук семирткичтер – 105,9 миӊ тонна,
— калийдик семирткичтер — 17,3 миӊ тоннаны түзөт.
Учурда минералдык жер семирткичтерди ташып келген компаниялар менен кеңешме өткөрүлүп, талап кылынган өлчөмдө жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.