Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.
Автобустар Чолпон-Ата шаарына чейин жуманын жуп күндөрү каттайт. Автобус Ташкент автовокзалынан күндүзгү саат 3тө чыгат. Билет баасы 300 миң сумду же 20 миң сомдун тегерегиндеги сумманы түзөт.