Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендеги үйлөрдүн курулушу уланууда

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу уланууда.

Novosti.kgге президенттин аймактагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 418 турак жайдын курулушу жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, дээрлик бардык үйлөрдүн пайдубалы бүткөн.

Сентябрдагы куралдуу кагылыштан Баткендеги айылдарда 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.

Белгилеп кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы жыл аягына чейин Баткендеги 150 үйдүн курулушу аяктайт деп билдирген болчу.