АКШда тез тамактануучу ресторанга келген киши сэндвич буйрутма кылып, бирок анын ордуна 5 миң долларга ээ болгон.
Кардар тамактануучу жайга кайтып келип, кызматкерлерден акчаны адалдоого катыштыгы бар-жогун тамашалап сураган.
Иштин чоо-жайын түшүндүргөн соң, каражат баштыкка кокустан салынып калганы аныкталган.
Кардар акчаны кайтарып бергенине ыраазы болгон ресторан ээлери ага 200 доллар төлөп, мындан тышкары бир ай бою акысыз тамактандырмай болушту.