Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат.
Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал эске салгандай, өткөн жылы аталган парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштери аягына чыгарылган.
Алдыда “Ала-Арчада” жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.