Өткөн жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталынын эсебинен 1 миң 804 адам турак жайлуу болду. Алар жалпысынан 4 миллиард 655 миллион сомго ипотекалык насыя алышканын Каржы министрлигинен билдиришти.
“Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн электрондук порталга 56 миң 800 жаран катталган.
Анын ичинен 19 миң жарандын тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекитилсе, кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат.