Ысык-Көл облусунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кечээ чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки, жалпысынан 227 баш мал чыгым болгондугу такталган.
Алар ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.
Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.