ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

 

Белгиленгендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Өтмөк, Чапчыма, Долон, Кызыл-Бел, Чоң-Ашуу, Сөөк, Талдык ашуусунда, Красная Горка – Ак-Таш, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Казарман – Ак-Тал-Чат, Арал – Миң-Куш, Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык, Сары-Таш – Эркештам унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

 

Айдоочуларга өтө сак болуу сунушталат.