Улуттук банктын төрагасы доллардын төмөндөп жатканына түшүндүрмө берди

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал мунун себебин туристтик сезонго байланыштырып, сырттан келгендердин саны өсүп, аны менен кошо өлкөдө доллардын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.

 

Ошондой эле Улуттук банк күн сайын рыноктогу кырдаалга көз салып турарын кошумчалады.

 

Кыргызстанда соңку учурда АКШ долларынын сомго карата наркы төмөндөп жатканы байкалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.