Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түздү.

Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, былтыр пенсиянын орточо суммасы эки миң сомго жогорулады.

Статистика комитетинин эсеби боюнча, өлкөдө жашоо минимуму 7 миң 242 сомду түзөт.

Учурда Кыргызстанда 740 миңдей пенсионер бар.