“Унаа” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад аймактык бөлүмү дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу мекеменин басма-сөз кызматынан билдиришти. Бөлүм кардарларды күн сайын эртең мененки саат 8 жарымдан, 5 жарымга чейин кабыл алат.
Эске салсак, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги жана Оштогу бөлүмдөрү дагы эс алуу күндөрү иштеп баштады.
Бул транспорт каттоого келгендердин саны көп болгонуна байланыштуу.