Бишкектен Кытайга эки үзгүлтүксүз каттам ачылат.
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү аба каттамы 31-январдан тарта аткарыла баштайт.
Учактар ар жуманын шейшемби күндөрү учат.
Мындан тышкары Сиань – Бишкек – Сиань авиакаттамы ачылат.
Жүргүнчүлөр аны 11-февралдан тарта пайдалана алышат.
Самолёттор ар ишембиде учат.