Унааларын камсыздандырбагандарга айып салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Унааларын камсыздандырбагандарга айып салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен кеңешилип, азырынча унаа ээлерине айып пул салбоо чечими кабыл алынды.

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирген.

ОСАГОсу жок катардагы айдоочуларга 1-апрелден тарта 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.