Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы жакынкы күндөрү келет

Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди. Анын айтымында, транспорт жолдо келе жатат, учурга карата Казакстан аймагында.

 

Эске салсак, Бишкек мэриясы 120 автобусту жеткирүү боюнча кытайлык компания менен келишим түзгөн. Транспорт газ менен жүрүп, бардык заманбап талаптарга жооп берет.