Ушул жылы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 40 чакырымы курулат

Ушул жылы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 40 чакырымы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

 

Белгиленгендей, жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн бул темир жолдун учурда 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Курулуш иштери толугу менен  2030-жылга чейин аяктайт.

 

Эске салсак, аталган темир жолду куруу 2022-жылдын жаз айында башталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.