V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Өлкө куржунунда 16 алтын, 17 күмуш жана 20 коло медаль бар.

 

Биринчи орунду 86 медаль менен Казакстан ээледи. Үчүнчү сапта Өзбекстан – 34, Төртүнчүдө Россия – 45, 5-орунда 6 медаль менен Түркия келе жатат. Белгилеп кетсек, учурда мелдеште 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашык спортчу ат салышууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.