Боксчу Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр (15-16 жаш) курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

 

Таймаш Астана шаарында өткөн.
Спортчу 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайлык мушкерди жеңсе, чейрек финалда түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште Япониянын мушкеринен мыкты экенин далилдеди.
Чечүүчү кармашта казакстандык атаандашын артта калтырып, алтын медалдын ээси болду.
Бул чемпионатта дагы эки кыргызстандык — Дилербек Садиров менен Арваз Ахмади күмүш медаль тагынышты.