WhatsApp тиркемесинде үн билдирүүлөрүн жактырбагандар үчүн жаңы функция ишке кирет

WhatsApp тиркемесинде үн билдирүүлөрүн жактырбагандар үчүн жаңы функция ишке кирет. Мессенджерде эми үн билдирүүсүн текстке айланта турган мүмкүнчүлүк пайда болот.

 

Маалыматка ылайык, чечмелөө тил топтомдорунун жардамы менен түз эле тиркеменин ичинде жүргүзүлөт. Жаңычылдык учурда сыноодон өтүп жатат. Ал ийгиликтүү өтсө, жакынкы арада бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.