Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматкерлер жана студенттер Австрияга тажрыйба топтоого бара алат

Кыргызстандын туризм тармагындагы кызматкерлер жана студенттер Австрияга тажрыйба топтоого бара алат. Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, тиешелүү суроо Зальцбургдагы өнөктөштөр менен талкууланды.

 

Стажер болуш үчүн немис тилин базалык деңгээлде билүү керек. Учурга карата 15 адис тууралуу кеп болуп жатат. Тажрыйба топтоо мөөнөтү азырынча белгисиз.