Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнөт

Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Компенсациянын көлөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болот. Андан тышкары, зарылчылык жаралса онлайн форматында билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралат, — деди Жапаров.

 

Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүрүп,  3 райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.